Тике толуктоочторду суроо берүү жолу менен таап, табыш жөндөмөнүн улан- дыларын жана алардын түшүп калган учурларын көрсөткүлө.
АКЫЛДУУ МАЛ
Жылкы - акылдуу мал. Чек арадагы аскерлердин аттары бөтөн киши көрсе жанына жолотпойт. Мындай аттардын кай бирлери жыт искейт. Чек арадан жашырын өткөн адамдардын жытын сезет. Жылкы ысыкты да, суукту да тоотпойт. Ал жайы-кышы талаа кезип жүрө берет, карышкыр сыяктуу жоодон да коргоно алат. тээп, Карышкырды айгырлар тиштеп, мандайына жолотпойт. Алар өз үйүрүнөн карышкырга бир да жылкыны алдырбайт.
Г. Акчурин