171.Бышыктоочторду таап , курамы боюнча өз ара бөлүштүргүлө.
Кош Терек
Айылдын үстүндөгү адырда мен бала чактан бери билген эки зор терек болор эле. Бул кош терек азыр да ошол жерде. Качан карабагын, айылга кайсы туштан келбегин, кыналышкан ушул бийик теректер көзге учурайт. Эмне үчүн экенин билбейм, чыдамсыздык менен ошол тарапты акмалап карайм. Ушунчалык алыстыктан, бактар канчалык бийик болбосун, көрүнөру шектүү. Бирок мен үчүн алардын сөлөкөтү ар качан байкалгандай туюлат. Куну-туну тынбай, качан болбосун, жалбырактар ар кандай унго салып шуулдайт. Кийин эс тартып чонойгондо бул теректердин сырын тушундум. Булар ар дайым шамалдын огуна туура келип, ботенчо үндүү болгон себеби да ошол.​
Please enter comments
Please enter your name.
Please enter the correct email address.
You must agree before submitting.

Answers & Comments


Copyright © 2024 SCHOLAR.TIPS - All rights reserved.