235. Текстти окуп, сүйлөмдөрдөгү ээ менен баяндоочтун ээрчишүүсүн түшүндүрүп бергиле. МУЗЫКАНЫН ТААСИРИ Музыка адамга чоң таасир тийгизет. Ал адамдын ички сези- мине кубаныч алып келет. Адамды чарчоодон жана капалыктан арылтат. Өтө жагымдуу обон адамдын артериялык кан басымын калыбына келтирет. Ошондой эле жүрөктүн иштешин оңдоп, эмгекке жөндөмдүүлүгүн жакшыртат. Андыктан биз чарчап- чаалыкканда жакшы ыр-күүгө кулак төшөйбүз. Назик чыккан музыканы берилип тыңшайбыз, көңүлүбүздү көтөрөбүз.
Answers & Comments
Объяснение:
Ээрчишүү – сөз тизмектердин түгөйлөрүнүн ортосундагы багыныңкы байланыштын түрү Кыргыз тилинде ээрчишүү байланышы сүйлөмдүн баш мүчөлөрүнүн (ээ менен баяндоочтун) бири-бири менен болгон грамматикалык карым-катышында колдонулат