96. Текстти окугула, сан жана сын атоочторду тапкыла. Аларды түзүлүшү боюнча ажыраткыла, даражаларын аныктагыла. МУЗ ДООРУ Байыркы заманда, мындан бир нече миллион жыл мурда азыркы биз жашаган жерлерде калың чытырман токой өскөн. Бул токойлор- до жүздөгөн жаныбарлар жашаган. Көл менен суулардын жээгинде миңдеген чоң-кичине канаттуулардын үнү жаңырып турган. Аба ырайы ошол кезде өтө жылуу жана дайыма бир калыпта болгон. Кий- инчерээк суук улам катуулап, кар узакка жаай баштады. Түндүкте жааган кар калың муз катмарына айланды. Байыркы муздуктар түштүктү көздөй жыла берди. Муз тоолордон суук шамал согуп турду. Ошентип, мындан 10 миң жыл мурда Европада, Азиянын түндүгүндө, Түндүк Америкада муз доору башталды. Мектеп окуучулары учун энциклопедиядан.​
Please enter comments
Please enter your name.
Please enter the correct email address.
You must agree before submitting.

Answers & Comments


Copyright © 2025 SCHOLAR.TIPS - All rights reserved.