Ушундай оор турмуш кечиргенине карабай Барпы ырчылык өнөргө эрте аралашты. Он алты жашка чыгып-чыкпай акындык даңкы эл арасында жайылды. Акындын өзүнүн айтымында атасы Алыкулдан "Залим хандар азабы" деген ырды үйрөнгөн. Ал ырда Кокон хандарынын катаалдыгы сындалат.Демек, Барпынын акын болушуна атасынын салымы бар десек болот.Барпы отуздан өткөнгө чейин малайлыкта жүрүп, Октябрь төңкөрүшү жеңгенден кийин гана эркин, өз алдынча жашады. Алдыңкылардан болуп жаны турмушту түптөп, көч башында болду. Союз кошчу жана өз ара көмөктөшүү топторунда кызмат өтөп, айыл кеңешинин орун басары да болуп жүрдү. Өткөн оор турмуш өз таасирин бердиби, Барпы 36 жаш курагында катуу ооруга чалдыгып эки көзү тең бүдөмүктөп калат.Даанышман акын 1949- жылы 9- ноябрында Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек шаары) дүйнөдөн кайтты. Сөөгү калаанын түндүгүндөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.
Answers & Comments
Ответ: