October 2023 1 7 Report
Кырг.Яз ПОМОГИТЕ ОТВЕТЫ НА ВОПРОСЫ ПО ТЕКСТУ
«ТАЛ»
Бар экен, жок экен, илгери-илгери өткөн бир заманда чал-кемпир жашаптыр. Алардын жападан жалгыз кызы болуптур. Ал ай десе айдай, күн десе күндөй, ай сымбаты келишкен, тоту куштай таранган, күзгүгө он маал каранган ашкан сулуу кыз экен. Бирок атына заты, чырайына мүнөзү, келбетине касиети төп келишпеген акылы тайкы, арылдап беттен алган тажаал, көк муздай мелтейген мерез кыз экен.
Айтканы айткандай, дегени дегендей орундалбай калса, көктүгү аша чаап, көк мелтей болуп турган жеринде талып калчу дешет. Анын көктүгү ата-эненин көөнүнө көк таштай тиет, бирок ичтен чыккан ийри жыланды жокко чыгара албай, акыры унчукпай кутулууну адатка айландырышат.
Кыздын мындай пейили айылдагыларга да маалым болуп, кыздын чырайынан жаман пейили аша өтүп, ал бойго жетип калса да ага жуучу түшүп бир да адам келбейт. Жалгыз кызыбызды эптеп тындырып алалы дегенде ата-эненин эки көзү төрт. Бир жерге орун-очок алса көк мелтейи жазылар деген үмүттөрү үзүлбөйт.
Күндөрдүн биринде кемпир-чалдын үйүнө кыздын сулуулугун алыс- тан угуп, мерездигинен кабары жок жуучулар ат арытып, ашуу ашып келип калышат. Кызыбыздын багы ачылар бекен деп кудуңдаган ата- эне жуучуларды калың төшөк, сыйлуу оокат менен күтүп алышат. Кезек
27

КЫРГЫЗ ТИЛИ
кыздын макулдугун алууга келгенде, баягы көк мелтейдин көктүгү тутуп, айтканынан кайтпай туруп алат. Кемпир-чалдын сылык мамилесине ызат- сыйына ыраазы болгон бир келет, эки келет, үч келет. Бирок өжөр кыз өз билгенин бербей, айтканынан кайтпай, ата-энени чоң уятка калтырат.
«Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман» демекчи, ата- эненин өзөгү өрттөнүп, жаны кашайганынан:
– Ылайым бизди какшатпай, ушундайыңда көгөрүп талып кал, – деп каргашат.
«Ата-эненин каргышы – ок» демекчи, кайтпас каргышка калган кыз заматта талга айланып калат имиш.
Кыз ата-эненин, эл-журтунун каргышына калбаганда мындай окуяга туш болбойт белем дегендей, кеч болсо да өз күнөөсүн мойнуна алгандай, уялгандай жерди карап өсүп келет. Анын ийилип өскөнүн көрүп, кеч болсо да таазим кылып, кечирим сураганын байкаган эл талды кароосуз калтырышпай, азыркы күнгө чейин кереге-уук жасашып, пайдаланып келишет.
1. Кыз абдан ... экен:
а) каардуу б) чырайлуу
2. Кыздын мїнєзї ... экен:
а) боорукер б) жумшак
в) бойлуу
г) жылдыздуу
в) өжөр
г) урушчаак
3. Ата-энеси кыздын мїнєзїнє ... :
а) капаланышчу экен в) мактанышчу экен б) суктанышчу экен г) кусаланышчу экен
4. Кыздын ... айылдагыларга да белгилїї болгон экен:
а) өнөрлүүлүгү в) сулуулугу
б) акылдуулугу г) кулк-мүнөзү
5. Эмне себептен кыз жуучуларга макулдугун берчї эмес?
а) ата-энесин кыйбагандыктан в) сүйгөнү бар болгондуктан б) эрке болгондуктан г) теңине албагандыктан
6. Кимдин кадыры їчїн жуучулар кайра-кайра келишет?
а) курбуларынын в) туугандарынын б) айылдаштарынын г) ата-энесинин
7. Ата-энеси кызды эмне деп каргашат?
а) асмандагы жылдыз болуп кал б) бак-дарак болуп кал
в) таштагы суу болуп кал
г) жердеги топурак болуп кал
8. Эмне себептен ата-энеси кызды каргашты?
а) акылдуулугунан тажагандыктан б) кыялынан тажагандыктан
в) сулуулугунан тажагандыктан
г) назиктигинен тажагандыктан
28

9. Эгерде ата-энеси кызды каргабаса эмне болмок?
а) кыздын кыялы өзгөрмөк эмес б) кыз турмушка чыкмак
в) кыз ата-энесине жардам бермек г) кызды ала качып кетишмек
10. Кыз тал болуп калгандан кийин өз күнөөсүн мойнуна алабы? а) алат в) сезбейт
б) албайт г) оңдойт
Please enter comments
Please enter your name.
Please enter the correct email address.
You must agree before submitting.

Answers & Comments


Copyright © 2024 SCHOLAR.TIPS - All rights reserved.